Биз жөнүндө

Биз жөнүндө

Кʏрмɵнтʏ айылынын балдарын мектепке тартуу демилгеси Дʏйшɵ Эркимбаевдин  аракети менен ишке ашкан. Алгач айылдын улан-кыздары анын ʏйʏндɵ ачылган мектепте окушкан.

1924-жылы Курмонту айылында Дуйшо Эркимбаев башталгыч мектепти негиздеген. Ушул эле жылы Тʏркстан комсомол съездине делегат болуп барган. «Эркин тоо»  газетасына кɵп макалалары чыгып турган.  Дʏйшɵ Эркимбаев Кочкор, Нарын, Тʏп, Барскоон, Тʏргɵн, Тон, Чок Тал, Орʏктʏ, Чолпон Ата мектептеринде иштеп, окууга тартуу, мектептердин имараттарын ондоо жана башка жагынан кɵп кʏч жумшаган.

1937-жылы Тʏп райондук элге билим берʏʏ бɵлʏмʏн жетектеген.

Кыргыз ССРинин  «Эмгек синирген мугалими» наамынын ээси.

1938-жылы Курмонту 7 жылдык мектеби негизделет.

1939-жылы Курмонту орто мектеби болот.

1960-жылдагы Кʏрмɵнтʏ орто мектебинин окуучулары жана мугалимдери

1963-жылы Курмонту орто мектеби Ильич атындагы орто мектеби болуп аталат.

 

Ильич атындагы орто мектептин директорлорунун тизмеси.

1963-1966 жж. Подносов Василий Иванович

1966-1969 жж. Касымов Султан Касымович

1969-1971 жж. Тенти Айтбосунов

1971-1977 жж. Темирканова Зуура Темиркановна

1977-1979 жж. Байсалов Усубакун Байсалович

1979-1983 жж. Пирогов Геннадий Николаевич

1983-1989 жж. Кангелдиев Туратбек Кангелдиевич

1989-1993 жж. Осмонова Зайра Осмоновна

1992-жылы Курмонту айылындагы №4 Ильич орто мектебине Жээнбай Мукамбаевдин ысымы берилет.

Мукамбаев Жээнбай (20.02.1929, Күрмөнтү айылы Түп районуЫсык-Көл облусу — 09.10.1989, Бишкек шаары)- филология илимдеринин кандидаты (1954), профессор, (1989), СССРдин (1968) Кыргыз Республикасынын эл агартуу отличниги (1960). белгилүү диалектолог, лексикограф, жазуучу-жомокчу журналист-публицист.

Жээнбай Мукамбаев 1936-ж. Түп районундагы Күрмөнтү орто мектебинин 1-классына кирип, аны 1946-ж. бүтүрөт. 1947-ж. Караколдогу (мурдагы Пржевальск) мугалимдер институтун, 1951-ж. Фрунзедеги пединстигутту бүтүрүп, аспирантурага өтөт. 1952-жылы Жерге-Талга ( Тажикистанга) 3 айга барып иштеп келет андан кийин байланышын үзбөйт. Аспирантураны 1954-ж. аяктап, ошол эле жылы академик К. К. Юдахиндин жетекчилиги менен «Кыргыз тилинин Жерге-Тал говору» деген темада канд. дис. коргойт.1954-1989-ж. КУУда (мурдагы КМУда) Кыргыз филологиясы жана журналистикасы (мурдагы филология) факультетинде окутуучу, улуу окутуучу, доцент жана факультеттин деканы болуп эмгектенет. 1989-ж. сентябрь айынан тартып И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик педагогикалык университетине (мурдагы Кыргыз мамлекеттик кыз-келиндер институгуна) профессор болуп орношот. Ушул окуу жайында жаңыдан иштеп баштаганда дүйнөдөн кайтат.

Ж. Мукамбаев атындагы орто мектебинин директорлорунун тизмеси

1993-2003 жж. Тониев Омʏрбек Болотканович

2003-2004 жж. Садабаев Жолдошбек Жумашевич

2004-2005 жж. Аалиев Атайбек Акматович

2005-2007 жж. Отточко Галина Ивановна

2007-2012 жж. Тониев Жаныбек Болотканович

2013-2015 жж. Такаев Адылбек Жумадилович

2015-2016 жж. Шакембаева Нургуль Сырдыбаевна

2016 –ж. баштап Осмонов Бекжан Айтбаевич